• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өрттөн бир адам жабыркады. Жол кырсыгында өспүрүмдөр каза болду

2 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ОШТО ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 10:19да катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

«Жер титирөө Чоң Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп жазылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КЫРСЫКТА ӨСПҮРҮМДӨР КАЗА БОЛДУ

Бүгүн, 1-июндан 2-июнга караган түнү Ош шаарынын Озгур айылында жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунааны башкара албай, жол боюндагы каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон.

Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, айдоочу Т.Б. атасына таандык болгон унааны үйдөн уруксатыз айдап чыккан.

Учурда бул факты боюнча тиешелуу текшеруу иштери башталды.

ӨРТТӨН БИР АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Бишкекте өрттөн бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-июнь күнү Свердлов районунун А. Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан батирде өрт чыккандагы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо саат 15:40та чектөөгө алынып, 15:44тө толугу менен өчүрүлгөн.

«Өрттүн кесепетинен балкондо турган 2 чарчы метр кышки кийимдер күйгөн. Ал эми эки колунан (чыканактан ылдый), болжол менен 10-15% күйүк алган үй ээсин Тез жардам кызматкерлери №4 шаардык ооруканага алып кетишкен»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 87