• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өрттөн пенсионер каза болду. Кырсык болгон жерден кетип калган адам кармалды

12 Аяк оона 2022 13:59 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ МАХМУДОВДУ КУТТУКТАДЫ

Президент Садыр Жапаров грек-рим күрөшү боюнча өлкө тарыхында алгачкы ирет дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду куттуктады.

Жапаров эл андан Олимпиаданын алтын медалын күтүп жатканын да белгилеп, бекем ден соолук, ийгилик каалаган.

Белгилей кетсек, Махмудов Кыргызстандын эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпиондугуна жеткен биринчи балбан болуп калды. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова алгачкы алтынды 2019-жылы утуп, ийгилигин 2021-жылы да кайталаган.

ӨРТТӨН БИР АЯЛ КАЗА БОЛДУ

Сокулукта өрттөн 84 жаштагы пенсионер каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Дача Прогресс айылында жалпы аянты 65 чарчы метр 2 кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүү учурунда бөлмөнүн ичинен 1938-жылы туулган Р.Р.И. аттуу аялдын сөөгү табылган.

Өрттүн себеби такталууда.

КЫРСЫК БОЛГОН ЖЕРДЕН КЕТИП КАЛГАН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Москва районунда жол кырсыгынан мотоциклдин айдоочусу каза болду. Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, 11-сентябрда саат 7.00дө Сретенка айылында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, аталган айылдын Борбордук көчөсүндө белгисиз айдоочу “Днепр” мотоцикли менен сүзүшүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кырсык болгон жерден качып кеткен «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1976-жылы туулган С.А. кармалды.

Кырсыктын кесепетинен Сретенка айылынын тургуну, мотоциклдин айдоочусу Ч.А.А алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле мотоциклдин жүргүнчүсү, 2005-жылы туулган А.А.С. жаракат алган.

Количество просмотров: 536