• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Шакиев Россияга кетти. Актерго донор изделүүдө

5 Бештин айы 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

ТӨРАГА ОРУСИЯГА КЕТТИ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация 4-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.

Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

КЛУБДА ОК АТКАНДАР КАРМАЛДЫ

Бишкектеги «Промзона» клубунда ок аткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук милицияга Ж.Т. аттуу жаран кайрылып, 4-декабрга караган түнү болжол менен саат 03:30да Ч. Валиханов көчөсүндөгү түнкү клубда пикир келишпестиктен улам белгисиз адамдар травматикалык курал колдонуп, денесине залал келтиргенин билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 37 жаштагы З.М. жана 34 жаштагы М.В. аттуу жарандар кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери уланууда.

МУРАДИЛЛАЕВГЕ ДОНОР ИЗДЕЛҮҮДӨ

КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу операциясына каражат чогултуу жабылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди. Ошондой эле учурда ага донор изделип жатат.

Эске сала кетсек, мындан бир нече кун мурун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.

Актерго жардам берүү максатында башталган атайын акциянын алкагында бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которгон.

Актерго кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган.

Количество просмотров: 592