• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Шакиев Түркияга барат. Төө-Ашуда унааларга коюлган чектөө алынды

21 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ШАКИЕВ БАШТАГАН ДЕПУТАТТАР ТҮРКИЯГА БАРАТ

21-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Түркияга расмий иш сапары менен барарын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында Түркиянын улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт жана бир катар жолугушуулар өткөрүлөт.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Элдар Сулайманов бар.

ТӨӨ-АШУУДАГЫ ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, азыр ашууну кардан тазалап, тайгалакка каршы инерттүү заттарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

Алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу сунушталат.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 14нөн 20-ноябрга чейинки аралыкта коронавирустук инфекциясынын 28 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен алтоо ооруканага жаткырылса, 22си амбулатордук дарыланууда.

Баалоо матрицасына ылайык, өлкөнүн бардык облусу “жашыл зонада” жайгашкан.

2022-жылдын 10 айында COVID-19дун 21 миң 764 учуру катталган.

Количество просмотров: 121