• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Өспүрүм кызга үйлөнгөн милиционердин иши каралууда. Аттарды ижарага алуу сындалды

28 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК КЫЗ НИКЕГЕ ТУРГАН

Жалал-Абад облусунда нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган жаран Сузак РИИБнүн кызматкери болгондугуна карабастан, Базар-Коргон районунун тургуну, 2005-жылы төрөлгөн жашы жете элек кыз менен баш кошушкан. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы окуган.

Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын апасы, жолдошу  жана нике окуган дин кызматкерине  карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен айыптары угузулду. Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулду.

Учурда, кылмыш иши негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.

НАРЫНДА МЕЧИТ АЧЫЛДЫ

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында эки кабаттуу мечиттин ачылышы болуп өттү.

Муфтияттан кабарлашкандай, ачылыш аземге муфтий Замир кары Ракиев, муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов, Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркинбек Өмүрзаков, мечиттин салынышына демөөрчүлүк кылган Сауд Аравия өлкөсүнүн жараны Насыр Ибрахим аль-Хужейлян жана айыл тургундары катышты.

Мечиттин ачылышында сөз сүйлөгөн Замир Ракиев айыл тургундарын жаңы мечит менен куттуктап, ажайып кооз мечитти курган Насыр Ибрахим аль-Хужейлянга терең ыраазычылыгын билдирген. Аземдин соңунда мечиттин салынышына салым кошкон инсандарга Нарын казыятынын ыраазычылык баракчалары берилди.

АТТАРДЫ  ИЖАРАГА АЛУУ СЫНГА АЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев көчмөндөр оюндарына аттардын ижарага алынуусун сындап чыкты.

«Түркияда Дүйнөлүк көчмөндө оюну башталганы жатат. Кыргыздар үчүн улак тартыш бул өтө маанилүү. Бирок ошол оюнга биздин аттар барбай калыптыр. Улакта 70-80 пайыз ролду ат ойнойт. Ал эми Казакстан алып барат экен. Биз ойногон оюнду дүйнө көрөт. Түркиядан ат алышат экен. Алар учак таап берүүнү суранып жатышат. Бизге намыс керек, чечип бергиле»,- деди ал.

Буга чейин Маданият министрлиги Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрү үчүн аттарды ижарага аларын билдиришкен.

Количество просмотров: 188