• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Төө-Ашууда тыгын жаралды. Жапырт кармалгандар сотко жеткирилди

17 Чын куран 2023 14:01 Бишкек Govori.TV

ТӨӨ-АШУУДА УНАА ТЫГЫНЫ ЖАРАЛДЫ

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жеринде жолчулар жана атайын техникалар иштеп жатышат.

«Тынымсыз жааган кар жана бороондон улам азыркы учурда убактылуу тыгындар пайда болууда. Көпчүлүк унаалар жайкы дөңгөлөктөрүн тагышкан, ошондуктан аларга ашууга чыгуу кыйын болууда. Каттам ачык, унаалар аз-аздан өткөрүлүп жатат. Тыгын толук жоюла элек», деп айтылат маалыматта.

Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАР  СОТКО ЖЕТКИРИЛДИ

Бүгүн, 17-апрелде жапырт башаламандыкка шектелип кармалган саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Азыркы тапта Айданбек Акматов, Рита Карасартова, Акыл Айтбаев, Атай Бейшенбек, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов сотко жеткирилди.

Былтыр октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалып, азыр 20га жакыны абакта отурушат. Бир нечеси ден соолугунан улам үй камагында.

МИНИСТРЛИК КҮЙҮК АЛГАН КЕЛИНГЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бир жыл мурун кырсыктан күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Ырыскүл менен баарлашып, операцияны кайда жасай турганын тактап, Саламаттык сактоо министрлиги колдоо көрсөтүп, дарыланууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

«Министр борбордук аппараттын жамаатынын жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин атынан Ырыскүлгө операция үчүн акчалай жардам берип, сакайып кетишине тилектиштигин айтты»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 274