• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кемпир-Абад иши: Райондук сот Асанов, Кадыров жана Дүйшөбаевди актады

17 Чын куран 202614:12 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу ишти карап, айыпталуучулар Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Кеңешбек Дүйшөбаевди актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасына жазды.

Эске салсак, 2022-жылдын күзүндө Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдирген 27 киши кармалган. ИИМ “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козгоп, 2023-жылдын январында “жашыруун” деген гриф коюлган. Айрымдарынын иши өзүнчө каралган.

2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту 27 кишинин 22син актаган. Прокуратура каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот быйыл 27-мартта райондук соттун ччечимин күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 381