• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Түмөнбаев Бакировдун мандатынан ажыратылышын сындады. Бишкекте мончолор текшерилди

13 Аяк оона 2023 14:02 Бишкек Govori.TV

БАКИРОВДУН МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛЫШЫ

Бүгүн парламент жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Өмүрбек Бакировдун депутаттык мандатынан БШК тарабынан ажыратылышын мыйзамсыз деп сындады.

«Бардык соттор №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча чечим чыгарган. Ага карабастан БШК өзү каалагандай токтом чыгарып, аны мандатынан ажыратып, ордуна башка депутатты отургузган», — деди депутат.

Депутат бул маселе боюнча БШК жооп берүүсүн талап кылып, депутаттык комиссия түзүүнү билдирди.

МОНЧОЛОР ТЕКШЕРИЛДИ

Бишкекте тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча рейддер уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, бир жуманын ичинде 20дан ашык мончо текшерилди.

Кошумчалангандай, бир мончого 13 миң сомго айып салынган, буга себеп айланасында тазалык эрежелери сакталбаганы болгон.

Ошондой эле текшерүү учурунда зыяндуу заттарды өрттөөгө тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Муниципалдык инспекция зыяндуу заттарды өрттөө «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.

АКЧА АЛМАШТЫРГАНДАР АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы тарабынан КРнын жаранына 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз акча алмаштырган Кыргызстандын З.Т. жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Количество просмотров: 109