• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Текебаев элчи болду. Президенттик аппарат Жапаровдун атын атаган шылуундар көбөйгөнүн билдириди 

3 Бирдин айы 202214:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 3-февралга карата коронавирус 243 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 617 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 961 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 181 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 962 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 189 миң 392 киши айыгып чыкса, 2 миң 893 адам каза болду.

ТЕКЕБАЕВ ЭЛЧИ БОЛОТ

Саясатчы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды. Маалыматты “Ата Мекен” партиясынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев элчи болуп бекитилди.

Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акмаан айылында туулган. Билими жогору. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы ушул эле окуу жайынын юридика факультетин бүтүргөн.

ПРЕЗИДЕНТТИН МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Мамлекет башчысы катышат делип иш-чарага чакырып көз боёмочулук жана акча талап кылган учурлар көбөйдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынып, шылуундар жарандарга телефон чалып, КР Президентинин  катышуусунда делген иш-чараларга чакырып жатышат. Андан ары ишенимге кирип, алдоо жолу менен  акча талап кылышат.

«Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 3572