• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Тик учак кырсыгында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Ашууларда кар түштү

20 Аяк оона 202314:02 Бишкек Govori.TV

АШУУЛАРДЫ КАР ЖААДЫ

Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жол жааган кардан тазаланып, кум-туз аралашмасын себилүүдө. Ошондой эле тазалоо иштери Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жүргүзүлүүдө. Унаа кыймылына чектөөлөр жок.

Белгилей кетсек, буга чейин синоптиктер 20-22-сентябрда өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн маалымдаган.

ЖҮК ТАШУУЧУ УНААНЫН АЙДООЧУСУ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Калмак-Ашуу ашуусунда айдоочусу жок жүк ташуучу унаа табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, күн мурун жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин үч куткаруучусу барган. «Токтоп турган унаанын ичинде айдоочу болгон эмес. Алдын ала маалыматына ылайык, ал Беларусь жараны болгон. Учурда куткаруучулар издөө ишин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

ТИК УЧАК КЫРСЫГЫ

Түркияда тик учак кырсыгынан каза тапкан эки жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«2023-жылдын 20-сентябрында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн.

Кырсык 16-сентябрда катталган.

.

Количество просмотров: 114