• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Ысык-Көлдө 30дай үйдү сел каптады. Эгемендүүлүк күнүнө карата ат оюндары өтөт

28 Баш оона 202313:59 Бишкек Govori.TV

ТОҢДО ҮЙЛӨРДҮ СЕЛ КАПТАДЫ

27-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, болжол менен 30 турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн жана ички жолдорду каптаган.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн 28-август күнү тазалоо иштерин жүргүзүүгө ыкчам топ жана Балыкчы шаарынан 17, Тоң районунан 6, Ысык-Көл районунан 2 куткаруучу чыгышкан.

Мындан сырткары аныктоо иштерин аткарууга ӨКМге караштуу Мониторинг жүргүзүү жана тазалоо иштерине көзөмөлдөө департаментинен 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 42 адам чыкты. Ошондой эле оор жумуштарды аткарууга ӨКМден 6, жергиликтүү бийликтен 2 техника тартылды.

АСКЕРЛЕР БЕЛОРУССИЯГА МАШЫГУУГА КЕТТИ

27-августта Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти Белоруссияда өтүүчү биргелешкен стратегиялык-оперативдик «Күжүрмөн боордоштук – 2023» машыгуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Таджикистан, Беларусь жана Орусиянын аскердик контингенттери катышат.

Машыгуу 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Беларусь полигондорунда өтөт.

ОШТО ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУ ӨТӨТ

Ош облусунда 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаралар 28-31-август күндөрү Ош облусунун «Төлөйкан» ат майданында жана А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда болмокчу.

Ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, ат оюндары жана салбуурун боюнча беттештер, ал эми борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, “Алыш” бел боо күрөшү, классикалык кыргыз күрөшү, ордо, айкүр жана таяк тартыш боюнча беттештер өтөт. Байге фонду 9 млн сомду түзөт.

Количество просмотров: 82