• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жапаров Абу-Дабиге учту. ЖК комитети «Курултай» мыйзамын колдогон жок

17 Бугу 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АБУ-ДАБИГЕ УЧТУ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Москвага болгон иш сапары аяктап, бүгүн, 17-майда, Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) багыт алды. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жапаров БАЭ президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахаяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 16-майда Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышты.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган ЖККУнун мааракелик жыйынына Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.

ОШТО 4 ЭМ ТӨРӨЛДҮ

Ош шаарында 2-майда төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, пландуу түрдө операцияга алынган 32 жаштагы эне кесарева жолу менен 2 кыз, 2 уул тапты.  32 жаштагы Замирахон Каримованын жана балдардын абалы жакшы. Ымыркайлар айына жетпей төрөлгөн.

Ымыркайлар 17-майда төрөт үйүнөн чыгарылат. Төрт эм Замирахондун үчүнчү төрөтү.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ МЫЙЗАМЫ ТАЛКУУДА

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы парламенттеги алгачкы талкууда колдоо тапкан жок. Эреже боюнча, долбоорлор алгач тийиштүү комитеттен өтүүсү зарыл.

Бул долбоор бүгүн 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде биринчи окууда кызуу талкууланып, добуш берүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган жок.

Негизги талкуу концепциядагы “жергиликтүү курултайлар” деген аныктаманын тегерегинде чыкты. Депутаттар Конституцияда бир гана “элдик курултай” тууралуу айтылганын, ар бир жергиликтүү бийлик деңгээлинде өзүнчө курултай уюштуруу туура эмес жана материалдык жактан кошумча жүк болорун айтышты.

Долбоордун авторлору өз жүйөсүн келтирип, мыйзамдарга карата карама-каршылык жок экенин билдиришти.

Комитеттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору сегизинчи болуп жазылган, бирок президенттин өтүнүчү менен депутаттар аны кезексиз карай башташкан. Президент сунуштаган документти 11 адамдан турган жумуш тобу иштеп чыккан. Бийлик аны ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жүзөгө ашырууну көздөөдө.

Количество просмотров: 140