• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жапаров Британ элине көңүл айтты. Башкы прокурор Нарын менен Ысык-Көлгө барат

9 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ДҮЙШЕМБИЕВГЕ ӨКҮМ ЧЫГАТ

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Next TVнын» жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин ишин кароону улантат. Соттук териштирүүдө Дүйшембиевге сөз берилип, өкүм чыгары күтүлүүдө.

5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Анда тараптардын жарыш сөзү болуп, кийинки отурум 9-сентябрга белгиленген.

Улуттук коопсуздук комитети март айында аталган телеканалга каршы «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган.

ЗУЛУШЕВ НАРЫНГА ЖАНА ЫСЫК-КӨЛГӨ БАРАТ

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбековдун эл менен жолугушуулары уланууда.

Жалпыга белгилүү болгондой, буга чейинки эл менен болгон жолугушууларда, коомчулукта орун алган мыйзамсыздыктар, социалдык, экономикалык көйгөйлөр, чечилбей жаткан жарандардын жеке укуктук маселелери, түрдүү адилетсиздиктер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мүчүлүштүктөр тууралуу кайрылуулар эл оозунан айтылган.

Алдыда, үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрынан тартып Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлөт.

 ЖАПАРОВ КӨҢҮЛ АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын Бириккен Падышачылыгы жана Түндүк Ирландиянын падышасы Карл III ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Улуу Даражалуу ханыша Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргызстанда терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Ханыша Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине камкордук көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет. Ушул кайгылуу саатта королдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Улуу Британиянын бүткүл элине көңүл айтам», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Улуу Британиянын эң узак тактыда отурган ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайтты.

Количество просмотров: 191