• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Мирзиёевди куттуктады. Турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

24 Теке 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МИРЗИЕЕВДИ КУТТУКТАДЫ

Бүгүн, 24-июлда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук жана бир тууган өзбек элинин бакубатчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толугу менен уланып жатканын баса белгиледи.

ТУРАК ҮЙ ӨРТТӨНДҮ

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районунун Лазурный көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 7 бөлүм тартылып, жеринде жалпы 5 бөлүм иштеди жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, 1 штаб тартылган.

Саат 11:24тө чектөөгө алынды.Кошумча маалымат берилет.

СУУГА ЧӨККӨН НАРИСТЕ ТАБЫЛА ЭЛЕК

Сууга чөккөн наристени издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 18-июлда Аламүдүн капчыгайындагы эс алуу жайында 1 жашар кыз Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.

Кечээ, 23-июлда кызды издөө иштерин улантуу максатында 20 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн, 24-июлда издөө-иштери улантылат.

Эске салсак, 18-июлда Чүйдөгү эс алуу жайында наристе кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 1996-жылы туулган келин сууга түшүп кеткен. Ошол эле күнү келиндин жансыз денеси табылган.

Количество просмотров: 72