• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров ЖЭБди калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Жамгырчиевдин мандаты алынды

2 Бирдин айы 2024 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ЖЭБГЕ БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Борбор калаадагы ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

ЖАМГЫРЧИЕВ МАНДАТЫНАН АЖЫРАДЫ

Бүгүн, 2-февралда БШК Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Маалыматка ылайык, Эмил Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча өзү арыз жазган.

Эске салсак, 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

АШУУЛАРДА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КОРКУНУЧУ БАР

Тоолордо, ашууларда көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

«Бишкек – Ош» унаа жолунда, Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашууларында көчкү жүрүү ыктымалы жогору.

ӨКМ айдоочуларды жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырын, күрөк, ысык суу, жол азык, дары-дармек сыяктуу нерселерди ала жүрүүгө, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого, кандайдыр бир кырдаалга күбө болгондо «112» кызматына кабарлап коюуга чакырат.

Количество просмотров: 106