• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровду Азербайжанга кимдер коштоп кетти? Министрлик айдоочуларга эскертүү таратты

24 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АЗЕРБАЙЖАНГА БАРДЫ

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 23-ноябрда БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди.

Президент Садыр Жапаровду Биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында  тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев; Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси — Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов; экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев бар.

АШУУЛАРДАГЫ АБАЛ

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы бийик тоолуу ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 09:30да алынды.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел жана Төө-Ашууда жол ачык, каттам бар.

Мындан улам Транспорт министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

ҮГҮТЧҮЛӨРДҮН САНЫН АЗАЙТУУ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков шайлоо алдындагы мезгилде саясий партиялар жана бир мандаттуу округдардан шайланган талапкерлер пайдалана ала турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мамасадыков колдонуудагы мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы учурунда партиялар 10 миңге чейин, ал эми бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер 500гө чейин үгүтчүлөрдү пайдаланууга укуктуу экенин белгиледи.

Анын пикиринде, бул сан ашыкча үгүт иштерин жүргүзүүгө жана талапкерлер үчүн бирдей эмес абалды орнотууга шарт түзүшү мүмкүн. Буга байланыштуу үгүтчүлөрдүн санын эки эсе кыскартып, саясий партиялар үчүн 5 миңден көп эмес, бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер үчүн 100дөн көп эмес кылуу сунушталууда. 

Количество просмотров: 118