• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровдун басма сөз катчысы «Кумтөр» боюнча камоолорго комментарий берди. Ташиев Чоң-Алайга чукул учуп кетти

4 Кулжа 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

 Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 4-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен жети адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкекте, экөө Ысык-Көл облусунда. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1837 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 383 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (177) жана Чүй облусунда (78). Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 106 223 адам болду.

Бир күндө 320 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканаларда 1678 адам жатат, дагы 1888 бейтап үйдөн дарыланууда.

ЧЕК АРАДА КӨЙГӨЙ ЖАРАЛДЫ

Министрлер кабинети Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган абалга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга учуп кеткенин кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев менен кошо Чоң-Алайга Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдулат Мырзаев кетти.

Министрлер кабинети Тажикстандын аскерлери такталбаган чек ара тилкесинде кандайдыр бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча мурда жетишилген сүйлөшүүлөрдү бузуп, Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келип, такталбаган “Унжу-Булак” чек ара тилкесине контейнер койгонун билдирди. Чек ара кызматынын таңкы саат 5теги маалыматына караганда, түнкү саат 3тө Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак тилкесинде абал чыңалып, ошол жерге тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Мекеменин саат таңкы 6дагы абал боюнча маалыматына ылайык, тажикстандыктар мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайтышты. Түзүлгөн чыңалуудан улам кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөп жатат.

КУМТӨР ИШИ

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Кумтөр ишине” байланыштуу соңку камакка алуулар тууралуу билдирүү таратты. Анда бул кылмыш иштерин саясат менен байланыштырып, саясий куугунтук катары баалоо – орунсуз экени айтылган.

“Бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу“ деген сыяктуу билдирүүлөр — орунсуз. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок. Мен бардык тараптарды сабырдуулукка чакырар элем. Чекитти тиешелүү компетенттүү органдар коюшу керек”, деп жазылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, Тазабек Икрамов 2-июндагы парламент отурумунда депутаттарды камакка алуунун мыйзамдуулугу тууралуу маселе көтөргөн. Депутат Канат Исаев 3-июндагы парламент жыйынында “Кумтөр иши” боюнча камалган саясатчыларды үй камагына чыгарууну суранган. 31-майда «Кумтөр иши» боюнча депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров эки айга камакка алынган. 2-июнда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев эки айга камалган.

Количество просмотров: 485