• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: ЖК желекти өзгөртүүнү колдоду. Тыныбекова жылдын мыкты балбаны аталды

20 Бештин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ТУУ ӨЗГӨРӨТ

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды.

Мыйзам долбоору дароо добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

ТЫНЫБЕКОВА МЫКТЫ БАЛБАН АТАЛДЫ

Күрөш дүйнөсү уюму кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапты. Бул тууралуу уюм социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыялады.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова бул жылы үчүнчү жолу Дүйнө чемпиондугун, бешинчи жолу Азия чемпиондугун, Азия оюндарында коло медаль жеңип алган.

Ошентип, Айсулуу Тыныбекова 95 миң 575 балл топтоп, азыркы учурда 62 кг чейинки категорияда дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

НОГОЙБАЕВАНЫН ИШИ ТЕРГЕЛИП БҮТТҮ

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаеванын иши боюнча тергөө аяктады.

Бул тууралуу анын адвокаты Индира Саутова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, тергөөгө чейинки көрсөтмөлөрдү текшерүү иштери калган.

Мурдараак Асел Ногойбаева айыпталуучунун адвокаты келбей жатканына байланыштуу көрсөтмөлөрдү текшерүү үч жолу кийинкиге жылып калганын айткан.

20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук соту шектүүнү эки айга камаган.

Количество просмотров: 80