Чүйдүн Сокулук районунун Асылбаш айылында 14 жаштагы өспүрүм асынган абалында табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, баланы туугандары таап, райондук ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер бала жан бергенин аныктап, милиция чакырышкан.
«Окуя 21-январда болгон. 8-класстын окуучусу саат 8:00де үйүнөн мектепке чыгып кеткен, 40 мүнөттөй убакыттан кийин өз үйүндөгү сарайдан асынган абалда табылган. Сокулук райондук милициясы бул факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындады. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгына жараша Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынат», — деп жазылат маалыматта.