Сокулукта төрт жаштагы үч кичинекей бала көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Окуя Жаңы-Пахта айылында болгон. Балдардын сөөгүн жергиликтүү тургундар алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Аталган факты мыйзамда белгиленген тартипте катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерге барганда үч баланын тең табылганы, алардын сөөгү каналдан чыгарылганы, бирок тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калышкандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2021-жылы төрөлгөн сууга чөгүп каза болгон жашы жете элек балдар такталган: М.Н., С.Э. жана И.М.