• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сокулукта аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

14 Бештин айы 2021 10:27 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда аялдын өлүмүнө шектелип анын жолдошу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-декабрь күнү милицияга аймактык ооруканага денесине ар түрдүү жаракат алган аял жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып, ал 1980-жылы туулган К.Э. экендиги белгилүү болгон, ал эсине келбей каза болгон.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Саламаттыкка оор зыян келтирүү) боюнча катталган.

«Жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын күйөөсү 1973-жылы туулган Б.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мас абалында уруша кетишип жыйынтыгында жубайы алган жаракаттарынан улам каза болгон. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 221