Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Комсомол айылында бычактан алган жаракатынан улам эки киши ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-август күнү Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган эки киши тууралуу маалымат келип түшүп, милиция кызматкерлери жерине барган. Анда 1977-жылы туулган М.Э. жана 1976-жылы туулган Х.Э. аттуу жарандар бычактан жаракат алганы аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-130-беренесинде «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, бул кылмыштын жасалышына шектүүнүн жабырлануучулар менен болгон чыр-чатагы түрткү болгон. Комсомол айылында жайгашкан дүкөндөрдүн биринин жанында жабырлануучулардын ортосунда чыр чыгып, мас абалында шектүү бычак менен сайган. Азыр бардык керектүү экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.
Шектүү Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.