• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сокулукта дайынсыз жоголгон 9 жаштагы кыз табылды. Ал чөптүн арасында уктап калган

30 Бугу 202519:23 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жаш кызды табышты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 29-май күнү саат 16:30да Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Эдельвейс дача конушунда 1-Май айылынын 2016-жылы туулган тургуну Акмаржан Жалалидинованын дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Ата-энесинин айтымында, кыз саат 16:00дөр чамасында үйдөн чыгып кеткен жана кайтып келген эмес. Өз алдынча издөөдөн майнап чыкпаган соң милицияга кайрылышкан.

Макулдашылган иш-аракеттердин натыйжасында 6-7 сааттан кийин кызды милиция кызматкерлери үйдөн 200-300 метр алыстыкта, чөптүн арасынан табышкан. Көрсө, кыз тосмодон жууркандарды өзү алып, жерге жайып, уктап калган экен.

Сокулук РИИБ жарандарды балдардын жоголгондугунун алгачкы белгилери байкалса дароо ички иштер органдарына кайрылууга чакырды.

Количество просмотров: 312