• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Сокулукта мамлекеттик кызматкер пара менен кармалды (видео)

4 Тогуздун айы 2022 11:23 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү ИИМге Сокулук райондук мамлекеттик архитектура бөлүмунүн “Р” аттуу кызматкери Военно-Антоновка айылындагы жаңы үйдүн курулушуна байланыштуу жана чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорду тез арада аяктап беремин деп 150 миң сом акча талап кылып жаткандыгы жана ага чара көрүп берүү боюнча арыз келип түшкөн.

Аталган арыздын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 343-беренесинде каралган “Опузалап пара алуу” фактысы менен кылмыш иши козголуп, ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан атайын иш-чара өткөрүлгөн.

«Натыйжада Тергөө кызматы менен Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Романовка айылындагы Фрунзе жана Гагарина көчөлөрүнүн кесилишинен 80 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1986-жылы туулган С.Р. кармалды. Кармоо учурунда анын шымынын оң чөнтөгүнөн арыз ээсинен алган 80 миң сом акча далил катары алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Пара алууга шектелген С.Р. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда ИИМдин Тергөө кызматы ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.

Количество просмотров: 671