• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сокулукта тоноочулукка шектүүлөр кармалышты

10 Бирдин айы 202214:09 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда тоноочулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Сокулук районунун ИИБүнө Романовка айылынын 47 жаштагы жашоочусу А.А. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 2-февраль күнү Военно-Антоновка айылынан анын 17 жаштагы баласы А.К.га бейтааныш адамдар күч колдонушуп, анын телефонун тартып алышып, автоунаага отурушуп, из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты Сокулук РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышке шектелип, 31 жаштагы Т.Ы. жана 34 жаштагы Т.Т. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Териштирүү иштери улантылууда.

Количество просмотров: 58