• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Сокулукта цехтен өрт чыкты

14 Аяк оона 202016:39 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтен өрт чыгып, 1 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-сентябрь күнү 13:25дер чамасында болгон. Анда жыгач устундуу темир жабылган кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтин 700 чарчы метр чатыры жана 3 тонна кездеме калдыктары күйгөн.

Өрттүн кесепетинен өрт өчүрүү кызматынын 1 кызматкери бети-колунан жаракат алды. Азыркы учурда жабыркаган жарандын абалы туруктуу. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 115