Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагында болгон жол кырсык 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Govori.TVга Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн эртең менен саат 6:30 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда бара жаткан «Хонда Аккорд» каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрү бар кичи автобус менен сүзүшкөн.
«Кичи автобус Бишкек—Кара-Балта багытында келе жатканы белгилүү болду. Жеңил унаадагы катуу жаракат алган 3 жүргүнчү көп узабай көз жумган. Ал эми 7 адам Сокулук ооруканасына жеткирилди», — деди маалымат катчы.
Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.