• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сокулуктагы өрт: 4 киши ооруканага түштү

20 Кулжа 2023 19:33 Бишкек Govori.TV

Сокулуктагы темир жол бекетинин аймагында жайгашкан мунай кампасында чыккан өрттөн төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Мамытовага шилтеме берип билдирди.

Маалыматка караганда, алар түрдүү даражадагы күйүк алып, Тез жардам менен Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Бири оор абалда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Экөөнүн абалы орто, бирөө канааттандырарлык абалда травматологиялык бөлүмгө жайгаштырылды.

Жеринде 3 тез жардам бригадасы иштеп жатат.

Количество просмотров: 134