• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Сокулуктун акиминин буйругу менен иликтөөчү журналист сабалды

13 Үчтүн айы 2023 10:10 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевдин тапшырмасы менен анын кол алдында иштеген сүрөттөгү аты-жөнү белгисиз кызматкери Zobolo масс-медиасынын башкы редактору Самара Босумбаева ‘нын колун сындырып салды. Бул окуя тууралуу Айбек Нурланов аттуу жаран өзүнүн фейсбук баракчасына жайгаштырды.


Маалыматта Сокулук районунун акими журналисттик иликтөөгө каршы чыгып, журналисттердин ишине тоскоолдук жараткан. Аны менен катар ал жерде ИИМ кызматкерлери да болгон. ИИМ кызматкерлери акимдин кызыкчылыгын коргоп, кайдыгер гана туруп беришкени айтылат.
«Кол салуудан соң 102 кызматына байланышканбыз. Көптөн кийин баягы акимди коргоп жүргөн ИИМ кызматкерлери келишти. Бирок аларга кайрылуудан баш тарттык. Андан соң үч сааттан өтүп, эки ИИМ кызматкери келип, арыз алышты.


Жер маселеси боюнча жыйынды жабык эшик артында өткөргөн аким ага катышкан адамдардын телефондорун жыйнап, эшикти ичинен бекитип, сыртынан кызматкерлери менен милицияларга кайтартып алган. Ошондой эле, жыйынга барган элдин жарымы сыртта кире албай калышты.
Кызык, акимдин бул кадамы эмнени билдирет? Жашынып алып эмне деген иштерди бүтүрүп жатат?
Жакынкы күндөрү Zobolo масс-медиасынын репортажын толугу менен көрө аласыздар»,-деп айтылат маалыматта.


Бул окуя боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгына кайрылып, азырынча жооп ала элекпиз.

Сокулук районунун акимчилигине байланышуудан майнап чыкпай жатат.

Количество просмотров: 1914