• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соль-Илецк шаарынан 541 кыргызстандык келди

7 Бугу 2020 10:10 Бишкек Govori.TV

Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Кыргызстанга 541 жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдиришти.

Маалыматка ылайык, келген жарандардын баары обсервацияга алынат.

«541 жаран Казакстан тарап менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында алынып келди. Алар коронавирустун жайылышына байланыштуу Россия менен Казакстандын чек арасында Казакстанда киргизилген өзгөчө абалдын аякташын күтүп калышкан», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Казакстандын аймагында өзгөчө абал алына электигин жана чет өлкөлүктөрдүн Казакстанга киришине чектөө киргизилгенин эскертет. Мындан улам Соль-Илецк шаарынан жарандардын кайтарылышы, Россиядагы жарандар үчүн Россия менен Казакстандын чек арасына келишине себеп болбошу керек экенин белгилеген.

Количество просмотров: 136