• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соль-Илецктен келген эне-бала коронавирус менен ооруканага түштү

14 Бугу 202018:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникасына Соль-Илецктен келген эне- бала коронавирус менен жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, плгач алар 11-майда «Семетей» мейманканасындагы обсервациядан Тез жардам менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

«Бала шашылыш көрсөтмө боюнча энеси менен өзүнчө бокско жаткырылып, өзүнчө кирип, чыгуусу каралган. Себеби баланын атасынан COVID-19 чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Биринчи алынган ПЦР-анализдери экөөнүкү тең терс жыйынтык көрсөтүп, кийинки кайталанып алынган анализдерде коронавирус инфекциясы чыккан. 13-майда экөө тең жугуштуу илдеттердин республикалык клиникасына которулган.

Штабдан бардык коопсуздук чаралары сакталгандыгын, бейтаптарды караган бир дарыгер менен эки медайым жеке коргонуу каражаттары менен иштегендигин билдиришти.

Количество просмотров: 68