• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Солто: Досторума «Кара жоргонун» жеңил кыймылдарын үйрөткөм (видео)

18 Үчтүн айы 2018 17:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.01.18.Govori.TV

Инстаграм баракчасында Лос-Анджелес шаарынан ак калпак кийип, американын жарандары менен кыргыз жигитинин   «Кара жорго» бийин бийлеген видеосу көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Govori.TV  сайты ал видеодо бийлеген Солто Эсенгулов менен интернет аркылуу байланышты.

-Кандайсың Солто! Интернетте кара жорго бийлеген видео талкуу жаратууда

Салам! Ооба. Бул видеодо бийлеп жаткан балдардын баары менин досторум. Америкада көрүүчөлөр көп ошолорго жана өзүмдүн инстаграм баракчама жүктөп коеюн деп тартылган тамашалуу видео болчу. Бул видеону тартардан мурун балдар менен сүйлөшүп атайын Майкл Джексондун бийин кошуп, сценарийин ойлоп, мындан сырткары видеону тартаардан мурун досторума кар жоргонун оңой кыйымлдарын үйрөтүп анан тартканбыз.  Видеонун соңунда атайын достуктун символу болсун деп акбы, карабы, азиатбы айтор баарыбыз бирге кара жоргону бийлеп бүтүргөнбүз. Инстаграмда  “бийлегенди билип туруп анан бийлешсе болмок” деп жазылган комментарийлерди окуп күлүп калам.

Досторуңа кара жорго бийи жактыбы?

Ооба жакты. Булардын өздөрүнүн кыймылдары кара жорго окшош бийи бар, ошого окшоштуруп бийлешти. Мага досторумдун бийлегени жакты. Мен аларга ыраазы болуп калдым.

Видеодон ак калпак кийип бийлегениң көпчүлүккө жакты. Негизи калпак кийип жүрөсүңбү?

Жок кийбем. Башымдагы ак калпакты атайын Бишкекке барганда ала келген болчум. Ак калпакты жөн эле кийе бербейм. Жакшы бир чоң иш чаралар болгондо албетте сыйымктануу менен кийип барам.

Дагы кандай кызыктуу видеолоруң менен интернет колдонуучуларын кубантасың?

Буйруса дагы жакшы видеолорду тартканга пландарым бар. Менин баракчамда кара жоргодон сырткары популярдуу 2-3 видеом бар.  Дагы бир нерсени айта кетсем. Менин популярдуу видеолорум үчүн мага атайын фейсбук баракчасы  көк белгиси  бар баракча ачып берген. А мындай көк белгиси бар баракча менден сырткары Валентина Шевченкодо эле бар.

Рахмат маегиңе!

Силерге да рахмат!

https://www.instagram.com/p/Bd_7ZrQhXp3/?taken-by=omks_video

Количество просмотров: 12