• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Солтон-Сарыда кен компаниясынын 18 кызматкери иштен четтетилди

13 Үчтүн айы 2020 8:57 Бишкек Govori.TV

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы жүргүзгөн ички иликтөөнүн жүрүшүндө Солтон-Сары кенин иштеткен компаниянын 18 кызматкери иштен четтетилди. Бул тууралуу ишкананын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова билдирди.

— Учурда УКМК тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. «Кыргызалтын» ишканасынын коопсуздук кызматы ички иликтөө ишин баштаган. Азырынча жооптуу 18 кызматкер убактылуу иштен четтетилди. Ал эми Солтон-Сары алтын кени ишин токтоткон жок, — деп билдирди Камчыбекова.

Өткөн жылдын 27-декабрында Нарын районунун Оттук айылында «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Нарындагы Солтон-Сары кениндеги алтын өндүрүүчү фабрикасынан курамында алтын бар кошулма уурдаган топ кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматы кабарлагандай, кармалган «Мерседес-Спринтер» автоунаасынан 1500 килограмм салмактагы 35 капка салынган алтын кошулмасы табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базардагы баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт. Окуядан кийин Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, Солтон-Сары кенин иштеткен ишкананын башчысы, алтын фабрикасынын директору жана адиси камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, фабрикада иштеген айрым адамдар кошулманы чыгарып, Нарын жана Чүй облусунун аймагында сатып жүрүшкөн.

Солтон-Сары алтын кени «Кыргызалтын» мамкекеттик ишканасынын өндүрүштүк филиалдарынын бири. Кенде 150 киши иштейт.

Солтон-Сары алтын кени Кен-Бучук, Ак-Таш, Алтын-Төр деген үч участоктон турат. Кен чыккан жердеги алтындын болжолдуу кору 20 тоннага жакын. Казуу иштери 1994-жылы башталган.

Количество просмотров: 184