• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Солтон-Сарыдагы алтын комбинаты ишке кирди

23 Тогуздун айы 202414:21 Бишкек Govori.TV

Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосундагы «Бучук» кенинде алтын комбинаты сыноо режиминде ишке кирип, Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” компаниясы эксперименталдык өндүрүш ишмердигин баштады.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүтөн белгилешкендей, 2022-жылдын 27-июнунда президент Садыр Жапаров Солтон-Сарыдагы “Бучук” кенинде болуп, мамлекеттик органдар, инвесторлор жана жергиликтүү эл менен жолуккандан кийин Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” ЖЧКнын кенди иштетүү ишмердүүлүгүн улантуусу боюнча чечим кабыл алган.

«Аталган компания менен жер кыртышын бузбастан алтын кенин иштетүүгө руксат берилип, жергиликтүү тургундар үчүн жыл сайын 50 миллион сомдон социалдык пакет төлөнө турганы макулдашылган. 2022-жылдын 22-августунан баштап мыйзамда каралган бардык талаптарды аткаруу менен курулуш иштерин баштоого уруксат берилген», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 238