Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук тилкесин кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасы быйыл иштетип баштайт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.
Машиев кытайлык компания завод куруп бүткөнүн айтты.
«Негиздөөчүсү — Кытайдын мамлекеттик China Gold компаниясы. Булар 2025-жылга 3,4 тонна алтын казабыз деп милдеттеме алышты», — дейт министр.
Zhong Ji Mining Company Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук тилкесиндеги кенди казууга лицензияны 2009-жылы эле алган. Бирок айрым жергиликтүү тургундардын экология, жайытка байланыштуу нааразылыгынан, чыр-чатактан улам 2019-жылы жабылган.