• Ишенби 24 Куран 2021

Сонку жанылыктар: Президент Сооронбай Жээнбеков түштүк аймактарды кыдырып кетти

15 августа 2018 в 17:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.08.2018. Govori.TV.
Сонку жанылыктар: Президент Сооронбай Жээнбеков түштүк аймактарды кыдырып кетти
Бүгүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына учуп кетти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында социалдык, өндүрүш жана айыл чарба объектилерине баруу пландалууда, ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугат.
Президент кызматына киришкенден бери Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарына иш сапары менен барган. Эми иш сапары менен өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда.
Кыргызстандыктар Курман айт майрамына карата 4 күн эс алышы мүмкүн
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги курман айт күнүнө карата 4 күн, тагыраак айтканда 18,19, 20,21- августта эс алууну сунуштоодо.
Аталган министрлик Курман айтка байланыштуу 20-августка туш келген дүйшөмбүнү дем алыш күндөргө которуу тууралуу документ иштеп чыккан. Иш күнү эки эс алчу күндүн ортосуна туш келгендиктен министрлик аны кийинки дем алышка которууну сунуштайт.
Эгер өкмөт дүйшөмбүнү дем алыш күндөргө которсо, кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат.
Буга чейин муфтият Курман айт 21-августта (шейшемби) белгиленерин маалымдаган.
Министрлик документ азырынча өкмөткө макулдашууга жөнөтүлө электигин кошумчалады.
Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат
Узакка созулган оорудан улам каза тапкан белгилүү алып баруучу, Салтанат Саматованын сөөгү 16-август күнү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу кесиптеши Эркин Рыскулбеков билдирди.
Эскерте кетсек, Саматова 15-августка караган түнү саат 1.30дарда көз жумган.
«Саат 10.00дө КТРКнын алдында митинг-реквием өтөт. Андан кийин сөөк «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет», — деди Рыскулбеков.
Кошумчалай кетсек: Салтанат Саматова жети жылдан бери онкологиялык илдет менен күрөшүп келген.

Количество просмотров: 23