«Бишкектеги соода борбордон кичинекей кыз уурдалды» деген маалымат боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда «Аламедин Гранд» соода борборундагы оюн залынан болжол менен саат 19:30 чамасында белгисиз бала 3 жаштагы Т.М.А. аттуу кызды көтөрүп кеткени айтылган. Алар сыртка чыгып, коомдук транспортко түшүп кетип калышкан.
Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Наристени издөөгө Бишкектин милициясы тартылып, тергөө кызматына 2010-жылы туулган Т.А. жана 1998-жылы туулган Р.М. аттуу жарандар жеткирилген.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.