• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соодагерлер кайрадан митингге чыгышты

10 Жалган куран 2023 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтта базарда соода кылгандардын нааразылык акциясы уланууда. Катышуучулар контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө киргизүүгө, электрондук накладнойлорду (ЭТТН) колдонууга жана соода ишмердигине бирдиктүү салык салууга каршы. Алар чекене соодага салык салуунун патент системасынан чыгууну талап кылышат.

Чогулгандардын алдына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев чыкты.

Эске салсак, буга чейин 2-мартта Бишкектин Максим Горький атындагы аянтында базар жана дүкөндөрдүн соодагерлери дал ушунда эле талап менен митингге чыгышкан.

Теги:
Количество просмотров: 97