• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Сооронбай менен Алмазбектин үй-бүлөсү жолукту

24 Аяк оона 2019 17:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкектин “Көк-Жар” кичи районунда «Кыргыздын саны көбөйсүн, ар бир үйдө төрт эм төрөлсүн» аттуу иш чарада  Кыргызстанда алгачкы жолу төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген эки үй-бүлө жолугуп, аларга эки бөлмөлүү үй берилди.

Биринчи үй-бүлө 2015-жылдын 9-апрелинде 4 эмдүү болушса, экинчи эм 2019-жылдын 25-февралында жарык дүйнөгө келишкен. 2015-жылы Бишкекте төрөлгөн төрт эмге Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек, Камчыбек деген ысымдар коюлган. Ал ысымдар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин ошол кездеги спикери Асылбек Жээнбековдун, экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин урматына арналып ыйгарылган. 2019-жылы төрөлгөн наристелерге Арууке, Акчолпон, Акбермет жана өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ысымы берилген.

Количество просмотров: 3068