• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбеков Бишкекке келди

18 Бештин айы 20199:35 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков эки ыйык мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 15-17-декабрда расмий визит менен аталган өлкөгө барды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков 17-декабрда түндө Бишкек шаарына кайтып келди.

«Визиттин алкагында Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен Эр-Рияд шаарындагы Королдук сарайында расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Тараптар чакан жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечектерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жана Сауд Арабиясынын биргелешкен өз ара кызматташуусун тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Президент Кыргызстандын Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарындагы элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин ачылышына барып, мекендештер менен да жолугушту.

Количество просмотров: 174