• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков: Ишкерлерди колдобосок, алдыга жыла албайбыз

22 Баш оона 2019 11:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.08.2019. Govori.TV

«Биз кайра иштетүүчү өнөр жайына көп көңүл буруп жатабыз, биздин айылдарда чийки зат жетиштүү. Бул сыяктуу ишканалардын ачылышы менен чет жакка чыкпастан, өз үйүнөн иштөөгө мүмкүнчүлүк пайда болууда. Ошондой эле бул өнүгүүгө жана мал чарбачылыгына заманбап технологияларды тартууга дем берет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКынын ишке киришүүсүнө 100 млн сом сарпталган, бүгүнкү күндө суткасына 3 тонна сүт кайра иштетилет. Анын жалпы өндүрүш кубаттуулугу менен суткасына 150 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүн.

Президент Сооронбай Жээнбековго маалымдашкандай, завод Нарын облусундагы сүт сатуучу эң ири ишкана болот, чийки зат жергиликтүү фермерлерден 18 сомдон 25 сомго чейин сатып алынат.

Количество просмотров: 10