• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков​ Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну колдойт

18 Тогуздун айы 2019 15:37 Бишкек Govori.TV

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгиледи.

«Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мен бул чечимди колдодум»,​ — деп баса белгиледи​ Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын Баатырлары Акбаралы Кабаевге, Курманбек Арыковго ыраазычылык билдирди.

​ Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн энергетиктерин быйылкы жылы белгилене турган Кыргызстандын энергетика тармагынын 85 жылдык юбилейи менен куттуктады. Алардын ак​ ниет эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди жана аларга бекем ден соолук, астыга койгон максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 51