• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Усубалиевдин туугандары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыгышты

23 Тогуздун айы 202515:26 Бишкек Govori.TV

Турдакун Усубалиев атындагы коомдук фонд Кочкор айылынын атын өзгөртүү демилгесине байланыштуу билдирүү таратты.

Фонддун 22-октябрдагы пресс-релизинде Кочкор районунун аксакалдарынын мындай сунушу чыгаан мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүккө калтыруу ниетинен келип чыкканы белгиленген. Бирок үй-бүлө өкүлдөрү бул демилгеге каршылыгын билдирип, Турдакун Усубалиев өзү тарыхый эстутумду жана өлкөнүн тарыхына байланышкан жер-суу аттарын сактоого ар дайым чоң маани берип келгенин баса белгилешти.

«Кочкордун атын алмаштыруу Усубалиев туулуп-өскөн аймактын тарыхый маанисин төмөндөтөт. Андан сырткары, Кочкор — байыркы аталыш жана жергиликтүү эл үчүн өзгөчө баалуулук болуп саналат», — делген фонд тараткан билдирүүдө.

Количество просмотров: 276