• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков: Каражаттын көбүн элетке буруп жатабыз

22 Баш оона 2019 11:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.08.2019. Govori.TV

Мамлекет башчысы Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун 80 пайызынан ашыгы айыл жерине, анын ичинен 50 пайыздан ашыгы айыл чарба тармагына багытталып жатканын белгиледи

Мамлекет башчысы Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун 80 пайызынан ашыгы айыл жерине, анын ичинен 50 пайыздан ашыгы айыл чарба тармагына багытталып жатканын белгиледи. Ошондой эле «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК жана «Кепилдик фонд» ААКнын ишмердигинин негизги басымы аймактарды жана айыл чарбасын каржылоого жасалып жатат.

«Өзүңөр билгендей, Кепилдик фондунун ресурстарынын көп бөлүгү аймактык долбоорлорго багытталууда. Айыл Банк жана РСК Банк дагы облустарды жана айыл чарбасын каржылоонун үлүшүн жогорулатышты. Бүгүнкү күндө 60% ашуун каражаттар бул максаттарга жумшалууда. Бул биринчи кезекте жумушчу орундардын жоктугунан болуп жаткан миграцияны кыскартууга, калктын кетишин азайтууга багытталган. Ал үчүн жергиликтүү тургундар өз продукциясын сатууга мүмкүнчүлүгү болгондой айыл өндүрүүчүлөрүн колдоо керек», — деп айтты Президент.

Количество просмотров: 14