Кыргыз Республикасынын Орусиядагы жана Орусиянын Кыргыз жергесиндеги «Эриш-аркак жылынын» ачылыш аземи бүгүн, 27-февралда Москва шаарында өтөт. Ага эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
«Жалпысынан «Эриш-аркак жылынын» алкагында Кыргыз жергесинде жана Орусияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө. Салтанаттын ачылыш аземи Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт. Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерттин өтүшү күтүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.
Президент Сооронбай Жээнбековдун 27-28-февралдагы Орусияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган.
Белгилей кетсек, «Эриш-аркак жылын» өткөрүү жөнүндө макулдашууга 2019-жылы Владимир Путиндин Кыргыз өлкөсүнө болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган. Бул мамлекеттик сапардын алкагында жалпысынан 6 миллиард доллардан ашуун суммага 50дөн ашык документке кол коюлуп, алар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда.