• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна иш сапары менен барат

9 Кулжа 2020 19:29 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө региондоруна иш сапарларын улантат. 10-11-июнь күндөрүндө Мамлекет башчысы Ош облусуна иш сапары менен барат.

Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков  Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына барат. Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коет.

Президент иш сапарынын алкагында Ош облусундагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле өнөржай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Количество просмотров: 150