• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин президенттери менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрүшөт

10 Чын куран 2020 11:33 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышат.

Азербайжан Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган кезексиз жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү маселеси талкууланат.

Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышат.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисустун катышаары күтүлүүдө.

Количество просмотров: 63