• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

3 Теке 2020 20:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыктарды камтыган кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков ошону менен катар Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин, 2020-жылдын 1-июлунда Россия Президенти Владимир Путинге Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшүнө карата куттуктоо телеграммасы жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 233