• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбековдун камалышын талап кылгандар митингге чыкты

10 Кулжа 2021 12:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июнда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун камалышын талап кылгандар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

Алар колдоруна «Сооронбай Жээнбеков экс макамга татыксыз», «Үмүттүн өлүмүнө ким жооп берет?», «5-6-октябрда жаракат алгандарга дарылануу, реабилитация керек» деген жазууларды кармап алышканын көрүүгө болот.

«Октябрь айындагы окуяларда митингчилерди күч менен таркатуу боюнча укук коргоо органдарына буйрук бергендиги үчүн Жээнбеков экс-президент макамынан ажыратылышы керек»,-деди митингдин катышуучусу.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.

Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы президент Садыр Жапаров баштаган бир катар саясатчылар бошотулган.

Кагылышта жүздөгөн адам түрдүү жараат алып, алардын отузга жакынынын көзүнө ок тийген. Сегизи бир көзүнөн айрылганы айтылган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу катуу жараат алып каза болгон.

Количество просмотров: 1045