Сооронбай Жээнбеков Астана шаарына иш-сапар менен учуп кетти
Сооронбай Жээнбеков Астана шаарына иш-сапар менен учуп кетти
8 Жетинин айы 2018 12:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.11.2018.Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышат.
Бул тууралуу маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш-сапар менен учуп кетти.
Мамлекет башчысы ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына тар жана кеңири курамда катышат. Сессиянын аягында жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат.